"Талас облусунда өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарына жергиликтүү тургундардан акча чогултулуп жатат. Мугалимдер 200 сомдон чогултуп беришти. Дарыгерлер бир күндүк айлык маянасын которот". Мындай маалымат бүгүн, 20-сентябрда ЖМКнын биринде жарык көрдү.
Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы бул маалыматты четке какты.
"Бул жалган маалымат, эч кимден эч кандай акча чогултулган жок, элди ар түрдүү туура эмес маалыматтарга ишенбөөгө чакырабыз", - деп билдиришти маалымат кызматынан.
Улуттук көчмөндөр оюндары Талас облусунда 16-21-сентябрь күндөр аралыгында өтөт.