"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде..." долбоорунун 7-күнү старт алды. Бул ирет катышуучулар тирүү курттарды оозу, тили менен чогултушту. Канчалык коркунучтуу, жийиркеничтүү болбосун катышуучулар бардык эрежелерди аткарып, бир команда жеңилүү ызасын тартты.
Оюн тууралуу кыскача айта кетсек, айнек үстөлдүн үстүнө ак жана кызыл түстөгү тирүү курттар коё берилди. Эки командадан бирден оюнчу чыгып, колдору артка байланды. Анда оюнчуларга 1 мүнөт убакыт берилип, алар оозу, тили же мурду менен курттарды өздөрүнө белгиленген жерге чейин жеткириши керек болчу. Белгилей кетсек, "Кызыл кемсел" командасында 6 оюнчу, "Көк кемсел" командасында 3 оюнчу болгондуктан, "көк кемселчендер" эки айлампа менен ойношту.
Оюнчулардын айрымдары курттарды көргөндө эле жийиркенип, кусуп алды. Таймаш учурунда катышуучулар жийиркенгенине карабай аракет кылышты. Жыйынтыгында "көк кемселчендер" 146 курт, "Кызыл кемсел" командасы 72 курт чогултушту. 3 оюнчу бул жолу аз экенине карабай күчтүү экенин далилдеп, кол тийбестик тумарына ээ болушту.
Ырчы Назэль курттардан жийиркенип жатса да командасы үчүн оозуна алганын айтса, Айгерим Ибрагимова курттарга "ии байкушум" деп аяр мамиле кылып жатты.
"Кызыл кемсел" командасындагы Замира Хатамова курттарды башында көргөндө жийиркенбегенин, оюн башталганда жаман болгонун айтат. "Биздин курттар кызыл түстө болуп, жагымдуу көрүнөт экен. Буга чейин алма жеп жатып ичинен кызыл курттарды көргөм. Оюн учурунда ошол алманын ичиндеги курттар деп элестетип алдым. Ал эми каршылаш команданын курттары ак түстө болуп, жагымсыз көрүндү. Ак курттар дааратканадагыга окшош экен, ошого бир аз жийиркендим", - дейт.
Ал эми ырчы Шерхан Абкулов жийиркенип жатса дагы таймашууга аракет кылды. Бирок 1 мүнөткө чыдай албай, кусуп жиберди.
"Көк кемсел" командасынан биринчи болуп Зарылбек Аликенов, экинчи болуп Нуркыз Кожонова, андан кийин Деңиз Маданбеков жана Азамат Аманидинов четтетилген. "Кызыл кемсел" командасынан Азамат Мамбетов кеткен.
Сынак SUPER TV тарабынан "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы менен биргеликте уюштурулган. Жүздөгөн адамдардын ичинен кастинг аркылуу тандалып алынган 14 катышуучу 14-сентябрда Ысык-Көлгө барган. Реалити-шоунун катышуучулары 14 күн бою чөнтөк телефонсуз, интернетсиз жашайт.
"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде" реалити-шоусунун баш байгеси 100 миң сом. Ал эми экинчи орун үчүн 50 миң сом, үчүнчү орун үчүн 20 миң сом каралган.
Долбоордун демөөрчүлөрү "Баатыр" сендвичи, "Алькони" тез даярдалуучу кесмеси, "Белая река" сүт азыктары, "Гималай" суусу жана "Bizon" энергетикалык суусундугу. "Баатыр" сендвичин "Глобус" жана "Народный" соода дүкөндөрүнөн таба аласыздар.