Өкмөт коомчулук пикирден кийин кыймылга келди. Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу жол ачылат

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Бишкекте борбор калаанын көчөлөрүн оңдоо учурунда жол кыймылын оптималдаштыруу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев борбордук көчөлөрдү оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү учурунда, жол кыймылын оптималдаштыруу боюнча натыйжалуу чараларды ыкчам көрүүнү тапшырган.

Вице-премьердин айтымында, өкмөт башчынын тапшырмасын аткаруу максатында, жол кыймылынын убактылуу каттамдарын аныктоо жана шаардыктардын жана калаа меймандарынын кызыкчылыгы үчүн бир жактуу көчөлөрдө убактылуу эки тараптуу кыймылды уюштуруу иштерин ыкчам түрдө жүргүзүү зарыл. Мындан тышкары, унаалар жыш жерлерде борбордук көчөлөрдү оңдоодон улам түзүлгөн ыңгайсыздыктарды азайтуу үчүн жол кыймылын жөнгө салуунун жана өз убагында мониторинг жүргүзүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Бишкек шаарында бир топ көчөлөрдө оңдоп-түзөө иштери аягына чыга элек. 1-сентябрда окуу башталгандан бери жол тыгыны көп маселе жаратып, коомчулук айрым көчөлөрдөгү кыймылга убактылуу өзгөртүү киргизүүнү социалдык тармактарда байма-бай сунуштап келген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан