Таласта өткөн Улуттук көчмөндөр оюндары жыйынтыкталып, эстафета Ошко өткөрүлүп берилди

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 21-сентябрда Талас облусундагы «Манас-Ордо» Кыргыз улуттук тарыхый-маданий комплексинде өткөн биринчи Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземинин жабылышына катышты. Бул тууралуу президенттин аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.

Өз сөзүндө мамлекет башчысы, Көчмөндөр оюндары кыргыз элинин биримдигин, бир эл, бир журт экенин даңазалаган тарыхый жөрөлгөнү жаңыртып, улантып жатканын белгиледи.

Салтанаттуу аземде «Манас» эпосу боюнча театрлаштырылган оюн-зоок, бардык облустардан келген спортчулардын жана маданият өкүлдөрүнүн парады, концерттик программа көрсөтүлдү. Улуттук көчмөндөр оюндарын 2020-жылы өткөрүү эстафетасы Ош облусуна берилди.

Талас облусундагы Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында улуттук оюндардын 8 түрү боюнча спорттук мелдештер 16-сентябрда, маданий иш-чаралар 19-сентябрда башталган.

Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары келерки жылы Түркияда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
senchi
2019-09-22 09:20:45
Канча акча кетти ошонуда жазгыла,чек арага сетка качан алып барышат Баткенге.
+8
Muratmipa
2019-09-22 10:14:26
Эээ койгулачы каяктагы болбогон оюнду ойлоп тааап акчаны чачкандын не кереги бар деймин да башка проблема жок болсо анда башка соз эле
+3
Bektur2011
2019-09-22 10:45:39
Ото до жогору денгээлде отту. Элдин духун, ынтымагын бекемдеген мыкты иш чара болду.
0
senchi
2019-09-22 11:56:00
Bektur2011,Баткендиктердин денгээли кандай өттү.
+6
oshkyrgyz
2019-09-22 11:45:19
Коңшу өлкөлөр ар тараптан жерлерибизди ээлеп жатышатго! Чек араны тактап тосуу керек ошол кеткен каражатка!!!
+8
senchi
2019-09-22 11:50:31
Кийинки эстафетанарды Баткенге бергиле. Кыргызстандын Баткен деген жери бар эле мурун дейбизди балдарыбызга кийин.
+9
KAYRATBEK
2019-09-22 14:16:04
Мен да ото-ото каршымын. Канчалаган миллион сомдор жон эле кетип атат. Азыркы Кыргызстандын жашоосуна бир тыйын пайдасы жок.
+3
Kylychisa
2019-09-22 14:38:45
э бутиубу эмне жонундо болду ? Баткен чек ара анан Айсулуу болуп эле бутуп кетти го)))
+3
Migrant-rf
2019-09-22 15:49:26
Без толк туфта нерсе.
+1
Benazir08
2019-09-22 19:38:09
Алайда болсун кийинки улуттук оюндар
Курманжан датка энебизжин да 200 жылдыгы бизде өткөн ошол жерде откорсо соонун болмок
+1
gitaris93
2019-09-23 02:11:47
Чек араны зым тосуш керек эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан