Таласта өткөн биринчи Улуттук көчмөндөр оюнундагы таймаштардын жалпы жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Жаштар, дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдады. Маалыматка ылайык, спорттук иш-чаралардын жыйынтыгы менен кечээ, 21-сентябрда жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылган.
Жалпы командалык эсептеги жыйынтык:
1-орун – Талас облусу – 75 балл,
2-орун – Бишкек шаары – 63 балл,
3-орун – Ысык-Көл облусу – 55 балл,
4-орун – Чүй облусу – 46 балл,
5-орун – Ош облусу – 45 балл,
6-орун – Нарын облусу – 43 балл,
7-орун – Ош шаары – 36 балл,
8-орун – Жалал-Абад облусу – 32 балл,
9-орун – Баткен облусу – 5 балл.
"Сыйлык тапшыруу аземине Жаштар, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев, агенттиктин 7 облустагы башкармалыктарынын башчылары катышты. Арпачиев оюндун катышуучуларын, жеңүүчүлөрүн куттуктап жатып, оюнду, таймаштарды мүмкүн болушунча кызыктуу уюштурууга аракеттер көрүлгөнүн, келген коноктор жаратылыштын кооздугунан да ырахат алып кетишти деп ойлой турганын белгиледи", - деп жазылат маалыматта.
Улуттук көчмөндөр оюндарында спорттун 8 түрү боюнча күч сынашуу болду. Оюндарга өлкөнүн 7 облусунан жана Ош, Бишкек шаарларынан келген 691 спортчу катышты.