Таласта өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарында этке какап калып, бир адам каза болду. Маалыматты Талас облустук ички иштер башкармалыгы ырастап, окуя кечээ, 21-сентябрда болгонун айтты.
Маалыматка ылайык, ошол учурда көк бөрү боюнча финалдык беттеш жүрүп, маркум бул учурда шишкебек жегенче оюнду көрүп жаткан. Бирок этке какап кетип көз жумган.
Талас ОИИБи билдиргендей, ал Талас облусунун 53 жаштагы тургуну болчу.