Чүй ОИИББи: "Кеминде зордуктоого каршылык көрсөткөн окуучу кызды сабап өлтүргөнгө шектелип 20 жаштагы эркек адам кармалды"

Бүгүн, 22-сентябрдын таңында, саат 06:00дө Кемин райондук ички иштер бөлүмүнө 57 жаштагы жашоочу аял кайрылган. Өзүнүн арызында 20-сентябрда үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы небересин табышууга жардам сурай турганын жазган. Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Арыз ээси издеп жаткан кыздын жүргөн жерин аныктоо үчүн Кемин райондук милициясы ыкчам иш-аракеттерди жүргүздү. Анын жыйынтыгында Кемин шаарындагы ээн калган үйлөрдүн биринен ошол өспүрүм кыздын жансыз денеси табылды. Анын денесинде бир нече жаракаттар бар", - деп жазылат маалыматта.

Бул кылмышка шектүү катары милиция 20 жаштагы эркек адамды кармады. Ал мурда да бир нече жолу соттолгон Кашкелең айылынын тургуну К.А. экени белгилүү болду.

"Тергөөнүн алдын ала жыйынтыктары боюнча 20-сентябрда саат 21:30 чамасында кылмышка шектүү мас абалда келе жатып жолдон өспүрүм кызды көрүп калган. Ал кызды зордуктоо максатында күч менен ээн калган имаратка алып барган. Кыз ага каршылык көрсөткөндө, шектүү аны сабап салган. Мунун кесепетинен өспүрүм каза болгон", - дейт Чүй ОИИББинин маалымат катчысы.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тиешелүү териштирүү иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Romantik.
2019-09-22 15:59:10
По жизни берип койгула аңгиге
+8
gitaris93
2019-09-23 02:19:55
Romantik.,туура чечим болоор эле
+2
boston___
2019-09-22 16:00:34
Адам сымал айбан экен
+3
Migrant-rf
2019-09-22 16:04:03
Петух экенда же эми петух болот.
+4
senchi
2019-09-22 16:24:23
Чын зордуктаган адам боштондукта журсө керек биздикилер ишти жабыш үчүн сотолгон адамды сразу тутуп камап коюушат.
+4
Avrora2017
2019-09-23 01:21:41
Жаш оспурум кыздарынарды кечинде эмнеге эшике чыгарасынар оозунарды ачып
-2
Azatbek.Svoboda.
2020-01-16 21:38:37
Буга окшогон эргурларды темир тордо бакпай бычып сала турган закон иштесе калгандарына да сабак болмок!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан