"Сүйүү күчү". Мына ушундай аталыштагы тасма SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмүнө жүктөлүп, порталдагы тасмалардын тизмеси дагы бир комедия-драма менен толукталды.
Фильмде Бакыт аттуу жигит төгөрөгү төп келген келишимдүү, билимдүү болгондуктан аны ата-энеси үйлөнтүүгө шашат. Бирок ал турмуш куруудан баш тартып, түрдүү амалдарга барат. Себеби ал апасы каршы болгон бетинде тырыгы бар, кыймылы олдоксон Алтынайды жакшы көрөт. Ортодо көп тоскоолдуктар болот. Тагдыр Бакыт менен Алтынайды бирге кылабы же жокпу? Окуя мына ушул суроонун тегерегинде уланат.
Ал эми тасманын жаратуучулары ким десеңиз, идеянын автору актриса, режиссёр Асема Токтобекова, ал тасмада режиссёрлук да кылган жана роль да аткарган. Ал роль жаратып жаткан учурда Турсун Усен режиссёр болгон, сценарийин жазган Турсун Усен. Ал эми продюсери Акжол Нишанов.
Аталган тасмада Марат Алышпаев, Гүлмира Турсунбаева, Болот Тилек уулу, Замира Сатыбалдиева жана баш каармандар Асема Токтобекова менен Улан Эшпаев роль жаратышкан.
Чечкиндүүлүк, сүйүү, турмуш, жаратылышты чагылдырган тасманы
бул шилтеме аркылуу кирип көрүп, комментарийге оюңузду калтырыңыз.