Бишкектеги Дордой конушунан чыгып кетип, дайынсыз болуп жаткан Саид Бебеза аман-эсен табылды

Бишкек шаарындагы Дордой конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан 12 жаштагы Саид Бебеза табылды. Ал 21-сентябрь күнү саат 22:00 чамасында табылганын Бишкек ШИИББинен маалымдашты.
Ага ылайык, Саид Бебезанын Бишкектеги Жаш Гвардия бульварында жайгашкан бассейнден алыс эмес жерде жүргөндүгү аныкталып, сак-саламат ата-энесине өткөрүлүп берилген. Буга чейин, 18-сентябрь күнү Бишкектеги Свердлов РИИБине шаардын жашоочусу кайрылып, арызында уулу дайынсыз болуп жатканын жазганы маалымдалган. Окуучу бала 16-сентябрдан бери дайынсыз болуп жаткан. Аны издөөгө криминалдык милиция, Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, Свердлов РИИБи жана Бишкек ШИИББинин кызматкерлери тартылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aerforce
2019-09-23 09:01:28
Каякта жүрдү экен азыр интернет клубтарда жүрө беришет балдар биздин үйдүн жанында интернет клубта бир жаш бала үч күн жүрүптүр күнү түнү ата эннси келип таап кетиптир эшике чыксам апасы ыйлап жатыптыр издебеген жер калбады деп
+2
Take_men
2019-09-23 09:13:26
aerforce, точно интернет клубда эле жүрсө керек. Менин баламдын телефону өчүп жоголгондо эле клубдан таап келем
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан