Белгилүү төкмө акын, "Айтыш" коомдук фондунун тең төрагасы Асылбек Маратовду бүгүн, 23-сентябрда Кыргыз тили күнүнө карата өтө турган концертке киргизбей коюшту. Бул тууралуу акын өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, аталган концерт өкмөт тарабынан уюштурулуп, ага президент өзү катышмак. Акындын билдиргенине ылайык, күн мурун уюштуруучулар акындарды ырдатып көрүшкөн, анда төкмө тил маселеси боюнча орчундуу ойлорду камтыган ырын аткарып берген. Бирок бүгүн концертке келген мезгилинде ага ал тизмеде жок экенин айтышып, концертке киргизишкен эмес.
Айта кетсек, жакында өткөн эл аралык айтыш сынагында Асылбек Маратов кыргыз тилинин өнүгүшүнө жана жайылтуусуна кошкон салымы үчүн Мамлекеттик тил комиссиясы тарабынан атайын медаль менен сыйланган.
Көпчүлүк интернет колдонуучулар бул окуяга кайдыгер карабай ар кандай билдирүүлөрүн калтырган. Алар төкмө акындын тил маселеси тууралуу ырдаганы жогору жактагыларга жакпай турганын билишип, акынды концертке киргизбей койгонун жазышкан.
Төкмө акын өзүнүн баракчасына жазгандай уюштуруучулардын "Тил күнүндө тил кескени эмнеси?".