Орусияда кыргыз аял ымыркайын метронун ажатканасына таштап салган

19-сентябрь күнү Москвадагы "Коломенская" метрополитенинин жанындагы ажатканадан жаңы төрөлгөн ымыркай табылган. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыкты.

Алгач ымыркайды метрополитендин тазалык кызматкери көргөн. Ажаткананын кабинкасы жактан кандын тактарын көргөнүн, андан соң унитаздын ичинен ымыркайды таап алганын айткан. Ошол эле учурда ымыркайын ажатканага таштап салган эне шаардык клиникалык төрөтканалардын биринде жаткан. Алгач ал кайсыл жакта төрөгөнүн айткан эмес. Кийин дарыгерлерге кыз бала төрөп, аны Андропов көчөсүнүн жанындагы ажатканага таштаганын билдирген. Дарыгерлер дароо полицияга кабарлашкан.

Окуя болгон жерге келген "Тез жардам" кызматкерлери ымыркайдын абалы менен таанышып, 36 жумалык экенин аныкташкан. Учурда ымыркай медициналык кароодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Mamiev
2019-09-23 15:11:21
Ой акмак кыз. Жатаарда ойлонбодунбу ушул нерсени. Жакшы жактарыбызды көрсөтпөй эле ушундай кумалактар куйгузот да. Беш миң рубльды ошентип ажатканага таштай аласыңбы айтчы. Бала сага буюмбу таштап салгыдай
+12
KAYRATBEK
2019-09-23 15:46:36
Ушинтип таштагыча мага бергилечи мен багып алам. Кыз болсун уул болсун ЭРКЕКЧЕ СОЗУМ!!!!!!!!!
+12
Dembele84
2019-09-23 15:55:40
Бироону устуно миндирип атканда ойлонбойсунбу сактанышты,козун сузулуп жатып бербей,не болсо ошо болсун,главно берки болсо болду дебей
+11
bond02
2019-09-23 16:00:53
Ошол жакта бир камалсан экен.
0
Tolik777
2019-09-23 16:34:30
Кинодогудай эле болуптур дейин десен.Ал кино жашоодон алынган.
+2
nazira...
2019-09-23 17:04:15
Мен балага зар болуп журом, ушундайларды окуганда денем дуркуроп кетет. Кудайдан зар какшап сурап келатам, жашым отуп да кетти. Эмне учун мага бербеди кудай, эмне учун буга окшогондорго берет, эмне куноо кылдым деп ый менен гана жашап келем. Менин эшигиме таштабайт беле, кандай гана кылып багып алат элем.
+5
TIMON_BERKOWITZ
2019-09-24 12:55:31
Чочкосун тыя албай, баланы кабыл албаган атага наалат! Көзүн сүзүп, баланы өлтүрөм деген энеге наалат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан