Казакстандын Ички иштер министрлиги адам органдарын мыйзамсыз трансплантациялоо менен алектенген уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө чек койду. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.
Казак ИИМинин криминалдык полиция департаментинин башчысы Арманбек Баймурзиндин айтымында, 2019-жылы Казакстанда адам сатуу боюнча 141 кылмыш иши козголуп, анын 59у адам органдарын сатууга байланыштуу болгон.
"Казакстанда медицина акыркы жылдары адам органдарын трансплантациялоо тармагында чоң секирик жасады. Бул албетте, уюшкан кылмыштуу топтордун бат жана оңой акча табуу кызыкчылыктарын жаратпай койбойт. Ушул жылы 2017-жылдан тарта Казакстанда адам органдарын мыйзамсыз алмаштыруу жана сатуу менен алектенген уюшкан топтун ишмердүүлүгү токтотулду. Алардын катышуусу менен 57 мыйзамсыз трансплантациялык операция жасалган. Кылмышкерлер Казакстанга донорлорду израилдик кардарлар үчүн Украина, Өзбекстан, Кыргыз өлкөсүнөн табышып, бөйрөк алмаштыруу операцияларын жасашкан. Азыр териштирүү иштери жүрүүдө. Кылмышкерлердин кирешеси болжол менен 10 миллион долларды түзгөн. Медицина кызматкерлери кылмышкерлер менен бирге донорлорду өз ара "эт" деп аташкан", - дейт Арманбек Баймурзин.
Бул факты боюнча белгилүү казакстандык трансплантолог Ганы Куттымуратов органдарды мыйзамсыз алууга шектелүүдө. Дарыгерге 2019-жылдын 1-майында адам органдарын мыйзамсыз алуу боюнча кылмыш иши козголгон. Аны менен бирге донорлорго котормочу болгон аял да камакка алынган. Ал аял Кыргыз өлкөсүнөн экени айтылат маалыматта.