Токмокто карызын алыш үчүн адамдын өзүн уурдап кеткен шектүү кармалды

Токмок шаарында адам уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 22-сентябрда Токмоктогу көчөлөрдүн биринде эки адам күчкө салып, 44 жаштагы жаранды унаага салып, белгисиз тарапка алып кетишкен. Алдын ала маалыматтарга караганда, жабырлануучу картадан утулуп, шектүүгө карыз болуп калган. Шектүү карызын алыш үчүн жабырлануучуну үйлөрдүн бирине камап койгон.

"Бул факты боюнча "адам уурдоо" беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Милиция кызматкерлери алгач унааны таап, кийин уурдаган 43 жаштагы К.Д. аттуу шектүүнү да кармаган", - деп айтылат маалыматта.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан