"Жылаңач баатыр": "Көл жээгинде..." долбоорунун 10-күнү старт алды. Катышуучулар үчүн кезектеги сынак оңойго турган жок. Эс алуучулар түшкөн көлдүн суусун оозу менен сузганга баарынын эле дити барбаса керек. Бирок биздин оюнчулар бардык нерсеге көз жумуп, жеңиш үчүн бардык шарттарды аткарды.
Кумга бош желим бөтөлкөлөр коюлду. Суу менен бөтөлкөнүн аралыгы 20 метрден кем эмес. Катышуучулардын эки колу артка байланып, аларга чектөөсүз убакыт берилди. Алгач эле көл жээкке чуркап барган оюнчулардын арасынан Марс Мамаев бети менен сууга кулап түштү. Оюнчулардын айрымдары суу жутуп алып какаса, сууга жыгылып түшкөн учурлары дагы болду.
Эң биринчи болуп ырчы Кудайберди Айтбосунов оозу менен суу ташып желим бөтөлкөнү толтурду. Муну менен ал кол тийбестик тумарын тагынды. Экинчи орунду Замира Хатамова, андан кийинки орунду ырчы Саниа камсыздады.
Замира Хатамова буга чейинки оюнда 3 саат 40 мүнөт бою эки колу менен гезит көтөрүп турганы жеңил болгонун, бул жолку оюн аябай оор экенин айтты. Ал эми желим бөтөлкөгө суу толтурганга үлгүрбөй калган Айгерим Ибрагимова оюн татаал экенин айтат. Анын айтымында, сууга чуркап баратканда жеңил болсо, оозуна суу алып келе жатканда кыйын болгон. Ал апасы тамеки чекпей жүр деп эскерткенин кошумчалады.
"Көк кемсел" командасынан биринчи болуп Зарылбек Аликенов, экинчи болуп Нуркыз Кожонова, андан кийин Деңиз Маданбеков, Азамат Аманидинов, ырчы Назэль четтетилген. "Кызыл кемсел" командасынан Азамат Мамбетов жана ырчылар Айгерим Эшим, Калыс Жакыпов кеткен.
Сынак SUPER TV тарабынан "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы менен биргеликте уюштурулган. Жүздөгөн адамдардын ичинен кастинг аркылуу тандалып алынган 14 катышуучу 14-сентябрда Ысык-Көлгө барган. Реалити-шоунун катышуучулары 14 күн бою чөнтөк телефонсуз, интернетсиз жашайт.
"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде" реалити-шоусунун баш байгеси 100 миң сом. Ал эми экинчи орун үчүн 50 миң сом, үчүнчү орун үчүн 20 миң сом каралган.
Долбоордун демөөрчүлөрү "Баатыр" сендвичи, "Алькони" тез даярдалуучу кесмеси, "Белая река" сүт азыктары, "Гималай" суусу жана "Bizon" энергетикалык суусундугу. "Баатыр" сендвичин "Глобус" жана "Народный" соода дүкөндөрүнөн таба аласыздар.