"Чакан жана орто бизнес үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмүн азайтуу боюнча сунуштамалар иштелип чыкты" дейт Социалдык фонддун төрагасы

"Чакан жана орто бизнес үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмүн азайтуу боюнча сунуштамалар иштелип чыкты", - деп кечээ, 23-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев билдирди.

Анын айтымында, сунуштамалар Социалдык фонддун ишин оптималдаштыруу жана ишкерликке жагымдуу шарттарды түзүү максатында иштелип чыкты. "Сунуштамалардын үстүндө үч топ иштеди. Биринчи топ тарифтер менен пенсиялык саясат боюнча, экинчи топ аскер адамдарынын пенсиясы боюнча, үчүнчү топ пенсиянын топтоо бөлүгү боюнча. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмүн азайтуу жаатында 4-5 сунуш бар. Алар тууралуу айтуу азыр эртелик кылат. Бул маселе жыйынтыкталган соӊ, парламенттин кароосуна өзүнчө сунуш киргизебиз", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан