Кара-Балтада 28 жаштагы кыздын денесине жаракат келтирди деп шектелип, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Чүй облусунун Жайыл районунда 28 жаштагы кыздын денесине жаракат келтирди деп шектелип, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-сентябрь күнү Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканага денесинен жаракат алган кыз түшкөндүгү тууралуу маалымат келген. Бул факты боюнча тергөө тобу аталган ооруканага барган.

"Кара-Балта шаарынын 28 жаштагы тургуну Д.Т. аттуу кыз чала таанышына чара көрүүнү өтүнгөн. Анын айтымында, 21-сентябрь күнү болжол менен саат 04:30 чамасында мас абалда аны таанышы көчөдөн сабап, денесине жаракат келтирген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында 30 жаштагы М.Т. аттуу жаран кармалган. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат. Учурда бардык тийиштүү медициналык экспертизалар дайындалып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери улантылууда", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kechirmeni
2019-09-24 09:15:39
тунку саат 04:30 да кочодо б.. барбы? Чала болуптур
+5
zhaku2017
2019-09-24 09:31:38
Кызга кол көтөргөн айбан чалыш экен. Колуна шал тийсин Камалыш керек.
0
kechirmeni
2019-09-24 09:53:40
zhaku2017,Мастан ар нерсени кутсо болот, мастан жинди качып кутулуптур дейт, маселе кызда тун жарымында мас менен эмнеге журот
+4
souza.j
2019-09-24 10:16:20
Кыздын акчасын бербей койсо керек да.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан