Октябрь РИИБинин төрт кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Бишкекте Октябрь РИИБинин 4 кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-сентябрь күнү ИИМдин тергөө бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал Октябрь РИИБинин милиция кызматкерлери кылмыш иши боюнча оң чечим чыгарып берүүнү айтып, андан 5 миң доллар акча каражатын талап кылышкан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"23-сентябрь күнү Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери атайын операция уюштурган. Операция Ахунбаев жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Октябрь РИИБинин криминалдык милиция кызматынын 3 кызматкери миң доллар акча алып жаткан жеринен кармалышкан. Ошондой эле Октябрь РИИБинин тергөө кызматынын тергөөчүсү да кармалган. Анын иш бөлмөсүнө тинтүү жүргүзүү учурунда ИИМге арыз менен кайрылган жаранга карата токтотулган сотко чейинки өндүрүш иши табылып алынган. Учурда 4 кызматкер Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери башталды", - деп басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин ИИМдин ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан Октябрь РИИБинин кармалган кызматкерлерине карата пара алуу боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп келген. Анда Бишкек шаарынын Г.В. аттуу жашоочусунан түшкөн арыз боюнча, маселени оң жакка чечип берүү үчүн 5 миң сом акча каражатын талап кылып жатышкандыгы жөнүндө маалымат болгон. Бул факт боюнча тергөөнү Улуттук коопсуздук кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзүп жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Majit1975
2019-09-24 11:57:42
Опппааа
-2
kamchatka
2019-09-24 12:15:47
Кандай соонун
-2
Makul
2019-09-24 12:26:56
Табалабаш керек!!! Күлгөнгө күлө жетем дейт!!! Өзүңөрдүн тууганыңар ушинтип кармалса да сүйүнөт белеңер? Аллах баарыбызга ыйман берсин!!!
+4
asash
2019-09-24 15:58:57
Баарыбыз эле , коррупцияга каршы курошолу дейбиз, булар курошуучулор оздору ушинтип олтурса эми кандай болот, ушул нерсе учун, озунон Жогорку кызмат адамдарынын да, иш ордун караш керек, же админстративдик жазаларды колдонуш керек,мамлекеттик жумушта иштегендер келгиле Кыргызстанды чогуу алга суройлучу,биз да онуккон олко бололучу, адамдык сапатттарыбызды жогоруталычы,ар бир нерсеге озубуздукундой мамиле жасайлычы мекендештер!!!!!
+1
Nurik929394nur
2019-09-24 16:58:10
Параа кордуу параа кор деп атын атап кылмышкерди кылмышкер деп атыны атай алышпайт екен значит бизде кылмыш параа алуу болоо берет ии азайбайт .
0
Ghosts911
2019-09-28 05:20:04
Мен таза оперминт деп өзүң Кыргызстандагы бир скм дин бир сотрудниги айта албайт. Кыргызстанда милицияга колго түшсөң сразу адвокат жалдаш керек сразу. Күнөөсу жок адамды адамды камап жибергенге кыя тартпайт булар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан