Бишкек-Ош унаа жолунун 424-чакырымында Нарын дарыясына түшүп кеткен 50 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Нарын дарыясына түшүп кеткен 50 жаштагы И.А. аттуу аял кишинин жансыз денеси кечээ, 23-сентябрдан 24-сентябрга караган түнү саат 01:40та табылган. Куткаруучулар маркумду суудан алып чыгып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Жалпы 11 куткаруучу тартылган.