Сентябрдын аягына чейин Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту шаардын борборунда ар түркүн акцияларды, митингдерди өткөрүүгө тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

"17-сентябрь күнү Бишкек шаардык мэриясына караштуу Биринчи Май райондук акимчилиги сотко шаардын борборунда ар түркүн массалык иш-чараларды, митингдерди өткөрүүгө чектөө киргизүү боюнча арыз менен кайрылган. Биринчи Май райондук соту чектөөнү мыйзамдуу деп таап, ага ылайык, 17-сентябрдан 30-сентябрга чейин тынчтык митингдерин өткөрүү Боталиев көчөсү менен Щербаков көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан скверге жылдырылды", - деди маалымат кызматынын өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Bektur2011
2019-09-24 12:05:06
Качанга чейин митинг пикеттен башыбыз чыкпай жүрө берелиби аң сезимди ойлоп, шайлоого жалаң таза адамдар келсин деп тилек кылалы.
-2
zhaku2017
2019-09-24 12:58:57
Азыр эл арасында Сокенер жөнүндө көпчүлүк эл жакшы ойдо эмес, ал өз абийирин өзүнүн саткын чыккынчылыгы жана эки жүздүүлүгү м-н айрандай эле төгүп алганы белгилүү . Сооронбай кетсин.
+2
Kyrgyz_bloger
2019-09-24 13:29:09
Митинг откорууго тыю салуу бул конституцияга каршы келет,тынч митинг откоруу эч кимге зыяны тийбейт,элдер жыргаганынан митинг кылбайт бийлик элдин унун укпай калганда,айласыздан ошол жолго барат.
+4
KAYRATBEK
2019-09-24 15:13:43
Кыргыздар митингден тажабаган ээн баш эл экенбиз.
0
Samatalibei
2019-09-25 08:01:50
Тынчтык митинг болуп туруш керек антпесе бийлик уктап калат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан