Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа Капчыгай тилкесиндеги Кара-Суу суусуна түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, унаа кечээ, 23-сентябрь күнү түшүп кеткен. Жерине куткаруучулар тобу тартылып, 28 жаштагы айдоочу С.Б. унаадан чыгарылып, "Тез жардам" кызматына өткөрүлүп берилген. Айдоочу жеңил жаракат алган.
Жалпы 5 куткаруучу тартылган.