Бишкектеги Ала-Тоо конушундагы үйлөрдүн биринде уурулук катталды. Түн ичинде кирген белгисиз адам токтоп турган автоунааларды ачып, баалуу буюмдарды көтөрүп кеткен. Кылмышкердин бул уурулугу видео байкоого түшүп калган.
Үй ээсинин айтуусу боюнча, окуя таңга маал болгон. Жоголгон буюмдардын арасында 30 миң сомдук уюлдук телефон болгон.
Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы бул окуя боюнча Ала-Тоо конушунун аймактык тескөөчүсү иштеп жатканын билдирди.