Вице-премьер чек ара боюнча комиссияга агенттик же комитет деген макам берүү боюнча пикирин айтты

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков чек ара боюнча комиссияга агенттик же комитет деген макам берүүнүн зарылчылыгы жок экенин айтты. Бул тууралуу пикирин ал бүгүн, 24-сентябрда журналисттерге билдирди.

"Комиссиянын азыркы макамы жетиштүү. Чек араны тактоо маселеси эки тараптуу, бирдиктүү чечилет", - дейт Разаков.

Буга чейин депутат Бакыт Төрөбаев чек ара боюнча комиссияга агенттик же комитет деген макам берүү сунушталып жатканын айткан.

Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде чек ара маселеси жабык эшик артында каралды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sahka
2019-09-24 16:37:32
Эми ошо комиссияны да министрлик кылып алгыла. Жегенге жол издеп жаткан го Торобаев
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан