"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде..." долбоорунун 10-күнүндө күчтүү делинген катышуучу оюндан четтетилди. Оюн жыйынтыкталып, катышуучулар сууга түшүп, эс алышкандан кийин жашыруун добуш берүү орун алды. Анда Замира Хатамовага каршы 3, Шерхан Абкуловго каршы 1 жана Айгерим Ибрагимовага каршы 1 добуш берилди.
Оюнчулар өздөрүнүн жеңишин камсыздоо үчүн, күчтүү атаандаштарына каршы добуш берип жатышканын айтышат. Ырчы Кудайберди Айтбосунов жеңүүчү болсо, Замира Хатамовага смартфон алып берерин убадалап буларга токтолду.
"Долбоордун алгачкы күндөрүндө бири-бирибиз менен жакшы сүйлөшүп кеттик. Эже менен сүйлөшүп отуруп биринчи орунду алып калсам сизге эмне белек кылайын? десем "эч нерсе кереги жок" дейт. Уялбай эле айта бериңиз менден белек болсун десем телефон деп калды. Кандай телефон аласыз деп смартфондун үлгүсүн сурап алдым. Бирок эже байгелүү орунга жетпей калды. Кудай буюрса, жеңиш мен тарапта болсо, Замира Хатамовага өзү каалаган смартфонду алып берем", - деди ал.
Ал эми Шерхан Абкулов Замира айым жоктон бар кылган, берекелүү аялзаты экенин айтат. Анын айтымында, Замира Хатамова колунда болгон азык-түлүк менен даамдуу тамактарды жасап, оюнчулардын курсактарын тойгузганын билдирди. Замира айым анын эсинде даамдуу тамактары менен калганын кошумчалады.
"2 күндөн бери ар ким өзү үчүн күрөшүп баштаганда, башкаларга караганда күчтүүрөөк болуп чыга келдим. Ошондуктан мени кетиришкен болушу керек. Анын үстүнө шоу-бизнес өкүлдөрүнүн карапайым атаандашынан жеңилип калышы эл алдында уят. Мындан тышкары, баары бири-бирин тааныган, байланышы бар адамдар. "Карга карганын көзүн чукубайт да".
Долбоордо 9 күн кармалам деп ойлогон эмесмин. Оюндан четтетилгеним оор дагы, жеңил дагы болгон жок. Бул долбоор жаштарды чыдамкайлыкка тарбиялайт экен", - деди Замира Хатамова.
"Көк кемсел" командасынан биринчи болуп Зарылбек Аликенов, экинчи болуп Нуркыз Кожонова, андан кийин Деңиз Маданбеков, Азамат Аманидинов, ырчы Назэль четтетилген. "Кызыл кемсел" командасынан Азамат Мамбетов жана ырчылар Айгерим Эшим, Калыс Жакыпов кеткен.
Сынак SUPER TV тарабынан "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы менен биргеликте уюштурулган. Жүздөгөн адамдардын ичинен кастинг аркылуу тандалып алынган 14 катышуучу 14-сентябрда Ысык-Көлгө барган. Реалити-шоунун катышуучулары 14 күн бою чөнтөк телефонсуз, интернетсиз жашайт.
"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде" реалити-шоусунун баш байгеси 100 миң сом. Ал эми экинчи орун үчүн 50 миң сом, үчүнчү орун үчүн 20 миң сом каралган.
Долбоордун демөөрчүлөрү "Баатыр" сендвичи, "Алькони" тез даярдалуучу кесмеси, "Белая река" сүт азыктары, "Гималай" суусу жана "Bizon" энергетикалык суусундугу. "Баатыр" сендвичин "Глобус" жана "Народный" соода дүкөндөрүнөн таба аласыздар.