Жактоочу: "Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевди Аскер прокуратурасы камакка алды"

Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевди Аскер прокуратурасынын тергөөчүсү Кой-Таш окуясы боюнча шектүү катары камакка алды. Бул тууралуу Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев жазды.

"Аскер прокуратурасынын тергөөчүсү Канат Сагымбаевди Кой-Таш окуясы боюнча шектүү катары камакка алды. Ал 7-августта Атамбаевдин үйүндө болгон иш боюнча шектелип жатат. Бирок ал күнү Атамбаевдин үйүндө эмне болгонун баары билет, ал Атамбаевди коргоп жаткан", - деп билдирди Жоошев.

Буга чейин КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султамбеков дагы "бүгүн Канат Сагымбаевди камаганы жатышат. Сагымбаев ал күнү өз ишин аткарып жаткан, мыйзамды аткарып жаткан", - деп социалдык баракчасына жазган.

Аскер прокуратурасы бул боюнча жооп бере элек.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
oSporte
2019-09-25 00:01:52
опумбаев УКМКнын ашмалтайын чыгардыго өздөрү коргойсуң дейтка кайра кылмыш ишин козгойт таза артистер болдуго бул жагы
+10
oSporte
2019-09-25 00:03:01
опумдун айынан 1 адам өлүп кете берди соке аны эмнеге албайт иштейт
+7
Chungyz
2019-09-25 00:14:55
Сыйлык бериш керек милдетин так аткарды
+8
Musafir
2019-09-25 00:59:05
Муну өздөрү коюп, кайра өздөрү камап эмне эле болуп жатат сокечилер блиндер). Сокеда болбоду, дегеле боло турган киши жок экен бизде.
+3
altyn-kumush
2019-09-25 09:04:05
Атамбаевдин жанында жон гана коштоп жүргөн эмес. Ал деле АШАнын арам иштеринде колу булганган. Ошондуктан жасаган иштери үчүн жооп берип, таза болсо акталып чыга берсин.
-2
Jaznura
2019-09-25 09:08:03
Атамбаев Кой Ташты Кан Ташка айланткан канкор болду
+2
Bektur2011
2019-09-25 09:36:21
Кой-Таштагы окуянын башынан аягына чейин анализ кылып көрдүм. Жалпылап айтканда Атамбаевдин тарапташтары чагымчылыдк, бийликти күч менен басып алуу үчүн атайын оружия дайындаганы дааны көрүнүп калыптыр. Тезинен бул кылыктары үчүн жоопко тартылышы керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан