Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракетине кабылган жарандар үчүн атайын ишеним телефон номерлерин маалымдайт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Укук коргоо органдарынын кызматкерлери бийликтин өкүлдөрү болуп туруп, айрымдары кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланышып, укук бузууларды жана кылмыштарды жасаганга чейин барышат. Атайын биздин жарандар үчүн ИИМдин ички иликтөө кызматынын ишеним телефонун маалымдайбыз. Милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттери, укук бузуулар жана кылмыштар боюнча арыздарды кабыл албоо", "пара талап кылуу", "коркутуу", "опузалоо" жана башка ушул сыяктуу мыйзамсыз иш-аракеттерге туш болсоңуз анда ички иликтөө кызматынын ишеним телефон номерлерине кайрылыңыздар", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Байланыш телефону: 0704-999-918, 0999-917-397, (0312) 66-23-31.