Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңеште билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков ант берет. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Жыйынга президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу күтүлүүдө.
Буга чейин Исаковду премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөтүп, анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин депутаттары колдогон.
4-сентябрда мурдагы министр Гүлмира Кудайбердиева кызматынан бошотулган. Акыркы учурда Билим берүү жана илим министрлигине жана анын жетекчилигине карата коомчулук тарабынан сындар күчөгөн эле. Жакында эле Нарын облусундагы контейнер мектептин ачылыш аземи социалдык тармактарда талкууга алынган.