Жогорку Кеңеште билим берүү министри Каныбек Исаков ант берди

Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңеште билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков ант берди.

"Билим берүү жана илим министри кызматка киришип жатып өз элимдин, Жогорку Кеңештин, президенттин алдында ант берем. Берген антымды бузган учурда мыйзамдарга ылайык, жоопкерчилик тартканга даярмын", - дейт Исаков.

Жыйынга президент Сооронбай Жээнбеков катышууда.

Буга чейин Исаковду премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөтүп, анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин депутаттары колдогон.

4-сентябрда мурдагы министр Гүлмира Кудайбердиева кызматынан бошотулган. Акыркы учурда Билим берүү жана илим министрлигине жана анын жетекчилигине карата коомчулук тарабынан сындар күчөгөн эле. Жакында эле Нарын облусундагы контейнер мектептин ачылыш аземи социалдык тармактарда талкууга алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
altyn-kumush
2019-09-25 10:07:00
Кызмат ордуңуз кут болсун. Каныбек Абдуваситович Билим берүү системасы сиз сыяктуу жигердүү кадрларга муктаж. ББМ эң жогорку даражага чыгарасыз деп ишенем.
+1
kechirmeni
2019-09-25 10:08:46
Иштеген мындай болот деп башкаларга корсот улгу болуп. Бийликке барганда кобу магдыраап, нымшып, коздорду май басып иштебей коюшчу эле
0
Bektur2011
2019-09-25 10:12:51
Билим беръъ тармагын алдыга жылдырып, окуучуларды КЫРГЫЗСТАНДЫН келечегине кереген уулдарды тарбиялоодо, билим сапатын жогоралтууда чон салым кошот деп ишенем.
0
Absamat-90
2019-09-25 10:15:38
Билим тармагында эми олуттуу озгорууну кутсок болот.
+1
Sagidko88
2019-09-25 11:04:46
премьер-министрдин эн туура чечими деп сизди ушул кызмат орунга сунуштаганы болду. сизге ишенебиз! сиз билим жаатында чон озгоруулорду киргизип, эн мыкты жумуш алып бараарынызга чон ишеним артып отурабыз. ийгилик коштосун!
+1
aza84
2019-09-25 11:08:19
Бул деле кыйратпайт
-2
rysik79
2019-09-25 23:24:39
Бул мужик деле тойсом уктайм дегендерден.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан