Москвада курулушта иштеген кыргыз жигити кырсыктан каза болуп калды. Бул тууралуу Орусиядагы Кыргыз диаспорасынын активисти Улан Кошматов жеке баракчасына жазды.
Ага ылайык, маркум 23 жаштагы Б.З. 19-сентябрда көп кабаттуу кеңсенин сыртында курулуш иштерин жасап жаткан. 7-кабатта турган учурда жиби үзүлүп кетип, жерге кулаган.
"Тез жардам" чакыртылып, Москвадагы №1-ооруканага жеткирилди. Комада 2 суткага жакын жатты. Алган жаракаты өтө оор болгондуктан, 21-сентябрь күнү бул дүйнө менен кош айтышты", - деп жазды ал.
Анда белгиленгендей, каза болгон жаран Орусияга Жалал-Абад облусунун Сузак районунан барган.
"Маркум эл катары Москвага келип, ата-энеме, бир туугандарыма жардам берип, үйлөнүп жайлансам деп иштеп жүргөн эле. Айылдаштары анын сөөгүн мекенге жөнөтүү боюнча сүйлөшүп каражат топтолуп, уруксат кагаздарын даярдап, 24-сентябрда узаттык", - деп жазылат анда.
Азырынча маалыматты Кыргыздын Орусиядагы өкүлчүлүгү тастыктай элек.