Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңеште билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков ант берди.
Президент Сооронбай Жээнбеков министрге ийгилик каалады. "Жаңы министрди куттуктайм. Берген антынын маанисин терең түшүнүп, элге, мамлекетке ак ниети менен иштеп берет деп ойлойм. Билим берүү министрлигине сын-пикирлер айтылды. Айрыкча билимдин сапатына, сабактардын көлөмүнүн көптүгүнө, китеп басуудагы кемчиликтер боюнча көп нааразычылыктар болду. Октябрь айынан тарта мугалимдердин айлыгы көбөйөт. Билим берүү тармагына жылдан-жылга көп каражаттар бөлүнүп жатат. Бирок каражаттар бөлүнсө да, тилекке каршы билим берүү тармагы биз ойлогондой, биз талап кылгандай болбой жатат. Бул министрликтин башында турган жетекчиликтин аракетинен болууда. Ошондуктан жаңы министрге ишеним абдан чоң, бул кишинин билим берүү тармагында тажрыйбасы мол. Билим берүү тармагы улуттун келечеги. Бардык бийлик бутактары билим берүү тармагындагы кемчиликтерди жоюуга жардам бериши керек", - дейт президент.