Билим берүү министрлиги: "Өлкөдө 600дөн ашык мектепте ысык тамак берилбейт"

Өлкөдө 652 мектепте ысык тамак берилбейт. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Жусупбекова билдиргендей, ал жерде таттуу токоч жана чай берилет. "Өлкөдөгү бардык мектепти ысык тамак менен камсыз кылуу боюнча иштер жүрүп жатат", - дейт ал.

Жогорку Кеңештин жыйынында “Жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
altyn-kumush
2019-09-25 11:16:15
Мындай мектептерде адам күчү жетишпейт. Көбүнчө тоолуу райондогу мектептерде ушул сыяктуу көйгөйлөр бар. Булар да адам күчү табылса чечилип балдар мектепте ысык тамак жей баштайт.
+3
Bektur2011
2019-09-25 11:16:40
Ысык тамакты коюп, билим берүүнүн сапатын көтөрүп алалычы. Азыр окуучулар арасында рекетчилик, бирөөнүн тоноо ушунчалык күч алды. Аларга качан билимдүү, таалим-тарбия берсек ошондо гана Кыргызстанды алдыга жылдыра алабыз.
+5
Absamat-90
2019-09-25 11:18:58
Кара курсактын камын ойлоп журуп качан онугобуз. Эн башкысы татыктуу билим!
+2
Jaznura
2019-09-25 11:21:34
Кээ бир мектептерде ата энелер мугалимдер менен чогуу демилге көтөрүп балдарга бериле турган тамактын жарым акчасын беришет экен. Баласына 50 сомго чипсы алып берген ата эне мектептен да 50 сомун аябашы керек
+4
Jelezo
2019-09-25 13:08:28
Ысык тамагы жок эле окудук эле, ысык тамак ичип алып интернетен оюн ойноп отурушат сабак менен иши жок.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан