Депутат Жогорку Кеңештин жыйынында телефон менен сүйлөшүп отурган билим берүү министринин орун басарын сынга алды

Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусун уюштуруу жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатат.

Анда депутат Аалы Карашев билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова жыйында телефон менен сүйлөшүп жатканына нааразы болду. "Телефон менен сүйлөшүп жатасыз. Бул Жогорку Кеңешке болгон сый. Жыйынга телефон менен сүйлөшөйүн деп келдиңизби? Вице-спикер 5 мүнөттөн бери сүйлөп жатса, сиз телефон менен сүйлөшүп отурасыз", - деп депутат министрдин орун басарына кайрылды.

Надира Жусупбекова ага жумушунан телефон чалып калганын айтып, кечирим сурады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Jacob.
2019-09-25 12:29:17
Жогорку кеңешке болгон сый имиш, Жогорку кеңештин сыйы калдыбы деген адам жок, өздөрү без толковый болсо чиновниктер дагы тоготушпайт да анан..
+4
pat12
2019-09-25 13:10:22
Сооронбай АШАнын колдоосу м-н бийлике келген соӊ, элге берген жалган убадаларын эки жыл мурун эле унуткан, жалган убдаларын ар кайсы маселеге шылтап келе жатат. Соке кетпесе итке минип калабыз. Бул маселени түп-тамырынан бери өзгөртүү үчүн элибиз биринчи кезекте Сооронбайдан кутулуу зарыл.
-3
Aidar.001
2019-09-25 13:20:23
pat12,анан кандай кадамдарга барабыз ары карай? Кимди колдойбуз президенттикке?
+2
isarti
2019-09-25 14:21:33
pat12, Анда эми эмне кылышыбыз керек. Ошону да түшүндүрүп айтпайсыңбы, сен билет экенсиң.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан