Бүгүн, 25-сентябрда Бишкек шаарында "Ош базарынын" сатуучулары нааразычылыгын билдирүү үчүн базардан Ак Үйгө чейин жөө жүрүш менен барганы жатышат. Алар "Берекет" ЖААКсынын жетекчисинин жоопкерчиликке тартылуусун талап кылышууда.
Саат 12:30га карата сатуучулар Бишкек мэриясынын имаратынын жанына келишип, шаар башчысынын чыгышын талап кылышууда. Мэрия өкүлүнүн "шаар башчы 6 кишини кабыл алууга даяр" дегенине сатуучулар макул болушкан жок. Алар "баарыбыз чогуу киребиз же өзү бизге чыксын" дешүүдө.
Маалымат толукталат.