Нааразычылык билдирген "Ош базарынын" сатуучуларын шаар мэри жана Бишкек ШИИББинин башчысы кабыл алды

Бүгүн, 25-сентябрда Бишкек шаарында "Ош базарынын" сатуучулары нааразычылыгын билдирүү үчүн базардан Ак Үйгө чейин жөө жүрүш менен барганы жатышат. Алар "Берекет" ЖААКсынын жетекчисинин жоопкерчиликке тартылуусун талап кылышууда.

Саат 12:30га карата сатуучулар Бишкек мэриясынын имаратынын жанына келишип, шаар башчысынын чыгышын талап кылышкан. Мындан улам чогулган элди Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов менен Бишкек ШИИББинин башчысы Канат Жумагазиев кабыл алды.

"Берекет" базарынын сатуучулары "Базар курулуп жатканда орундар бекер болот деп айтышкан азыр эми "Берекет" жабык акционердик коомунун жетекчилиги 1 чарчы метр жерди 3 миң доллардан сатылат деп жатат. Базардан былтыр 2-3 ирет өрт чыкты. Бирок бул кырсыктын себеби иликтенбегени шек жаратат. Биз суранууну эми токтотобуз, талап кылабыз. Салыгын да, патентин да төлөйбүз. Бул муниципалдык жер болгондон кийин биз акчаны мэрияга эле төлөшүбүз керек. Базарды муниципалитетке өткөрүп берүүңүздү сизден суранабыз", - деп сатуучулар мэрге кайрылышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bessmertiy
2019-09-25 13:58:42
Ушунча адамдын каргышынан коркпой ошол алган акчаны кантип оокат кылат ошол базар башчылары? Кантип ошол акчага бала-чакасын багат? Укум-тукумунан бери каргышка каларын билишпейби?
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан