Бүгүн, 25-сентябрда Ош-Бишкек жана Бишкек-Ош багытындагы 4 авиакаттамы убактылуу токтотулду. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун басма сөз кызматынан билдирет.
Маалым болгондой, "Эйр Манас" компаниясынын 198, 197, 205 жана 206 багытындагы каттамдар токтотулган.
"Бүгүн техникалык себептерден улам, каттамдар убактылуу токтотулду. Азыркы учурда оңдоо-түзөө иштери жүргүзүлүп жатат. Каттамдар эртеңки күндөн баштап өз калыбына келет", - деп билдирди "Эйр Манас" компаниясынын өкүлү.