Транспорт жана жолдор министрлиги: "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрмө пунктундагы кызматкерлер УКМКга күбө катары чакырылган"

24-сентябрда "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү пунктунда салмак көзөмөлдөөчү жана жолчуну УКМКга чакыртылышы боюнча Транспорт жана жолдор министрлиги билдирүү таратты.

"Ушул жылдын 24-сентябрында Биринчи Май райондук сотунун чечими менен кылмыш ишти иликтөө үчүн транспортторду каттоо журналы алынган. Муну менен "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү пунктунун кызматкерлери да УКМКга чакырылган. Министрлик салмак көзөмөлдөөчү жана жолчу күбө катары чакырылганын билдирет", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин айрым маалымат булактары "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү пунктунун кызматкерлери кармалганын жазып чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан