Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан Улуттук госпиталдын офтальмология бөлүмүн, жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим изилдөө институтун, Улуттук хирургия борборун өзүн-өзү каржылоо боюнча пилоттук доолбору иштелип чыкты. Бул тууралуу Саламатыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Токтомдун долбоору коомдук талкууга коюлду. Доолбор ишке ашса аталган үч ооруканада бейтаптар акы төлөө менен кызмат алышат.
"Ооруканаларды өзүн-өзү каржылоо системи саламаттыкты сактоону реформалоо улуттук программасынын негизинде иштелип чыкты", - деп айтылат маалыматта.