"Кыргыз мамлекетинде мектептерде хиджаб кийүүгө тыюу салынган" дейт Дин иштери боюнча комиссиянын жетекчисинин орун басары

Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында диний уюмдарды каттоо боюнча мыйзам долбоору каралды. Анда депутат Кожобек Рыспаев мектепке хиджаб кийип баруу боюнча маселени көтөрдү.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчисинин орун басары Замир Чотаев Кыргыз өлкөсү светтик мамлекет болгондуктан, мектепке хиджаб кийип келүүгө тыюу салынганын айтты. Депутат бул маселе боюнча коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин белгиледи.

Депутат Махабат Мавлянова шайлоочулар менен жолугушканда, ата-энелер балдарын медреселерге берүүгө кызыкдар экенин айтып жатышканын, бирок анда мектептерде өтүлгөн сабактар окутулар-окутулбасын сурап жатканын билдирди.

Замир Чотаев ушул тапта медреселердеги окуу жүрүмүн жөнгө сала турган жобо иштелип чыгып жатканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Aikaaaa
2019-09-25 17:41:21
Туура, хиджаб кийип алып медресеге барсын, мектепке, дегиле мамлекеттик учреждениеде кызмат кылгандарга кийгенге тыюу салыныш керек, муну мен колдойм
-3
keku00
2019-09-25 17:52:13
Aikaaaa,кором сени алдагы мээн менен, кайтышта каяка киргенинди!
-2
yrmat88
2019-09-25 23:18:35
Aikaaaa,
Туура. Хиджаб - бул кыргыз кыздарын арабтардын салтына байлоо максатына багытталган нерсе. Хиджаб кыргыз кыздарынын баркын которбойт. Кыргыз кыздарынын хиджабка чүмкөнүп оронуп жүрүшүнө каршмын. Жаш кыз болгондон кийин жакшынакай жаштардай болуп жүргөндөрү жакшы.
0
keku00
2019-09-25 17:50:32
Динсиздерге кун тууптур. Дин силерге киришпей жатканда ага киришпегиле. Арты жакшы менен бутпойт.
0
Migrant-rf
2019-09-25 17:58:02
Дин комиссиясында деле динсиз атеисттер иштейт окшойт. Бирок булар хиджаб кийгенге тыю салгыдай ким алар? Ахмактар бузуку динсиздер.
-1
katerina.li
2019-09-25 17:59:57
Жакында Афганистан, Пакистан, Бангладеш болосунар. Ошондо кеч болгондо тушуносунор
-3
Muslim1990
2019-09-26 00:22:35
katerina.li,болуп кетсек сага эле жаман да.
+1
Kyrgyz_bloger
2019-09-25 20:18:04
Сабак окутуунун ордуна кийимге асылышып туруп алды го,телефон алып баргандарды эмнеге карабайсынар,жогорку класстын окуучулары китеп алып барбай,кичинекей барсетка сумка алып барат аларды ким карайт,анан орус мектептер билим беруу министрлигине карабайбы эмнеге аларда каалагандай кийинишет,орус балдар частарын остуруп сарыга боеп барышат,кыргыз мектепке келгенде Сталиндик режим башталат.
+5
Samatalibei
2019-09-25 23:34:42
Эмнеге тыйуу салдынар! Мектебинерде билим денгеели ошончолук жогору баары жайында башка койгой калбай калдыбы? Чечилбенен жолук эле койгойу калдыбы! Анан мына Атеистер Баптистер динге каршы суйлогон акылсыз акмактар сенин алыс бир тууганын же бир тууганын намаз окуйт Алладан коркуп жашайт, а сен Чыныгы жузунду корсотуп Элдин астыга чыгып ушинтип динге каршы суйлочу биринчи болуп сенин жакындарын жазанды берет! Туура жолдо баратыпсынар Ачыка чыгып айткылачы ойунарду королучу силерди?
-2
Muslim1990
2019-09-26 00:20:08
Келгиле анда окуучу кыздарыбызга улуттук кийимдерди кийгизип жиберели.Шөкүлө,кыргыз көйнөгүн ж.б.Мен буга каршы эмесмин.Анан санын көрсөткөн юбка,Төшүн тырсыйткан көйнөк,чыпчыйган шым кийсе унчукпайсыңарда хиджап десе алай-дүлөй болуп чыга келесиңер.Эмнеге жаштарыбыз европалашып баратса унчукпайсыңар.Кыскача айтканда азыр адамдар ######өн кетип жатышат жылаңачтанып.
+2
Bars88
2019-09-28 15:27:18
Эмнеге мини юбка кийгендерге унчукпайсынар,турса саны корунуп,отурса кочугу корунуп калат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан