Казакстандын Тараз шаарында 9-августта Кыргызстан, Түркия, Казакстан жана Тажикстандын спортчулары катышкан эрежесиз мушташ боюнча эл аралык мелдеш болуп өттү. Жалпысынан мелдешке 24 спортчу катышты. Анда кыргызстандык Жандар Балтабаев 70 килограммдык салмакта жеңүүчү болуп, алтын медаль тагынды.