Өлкөдө 29-30-сентябрь күндөрү катуу шамал жүрүп, жамгыр карга айланат

Өлкөдө 29-30-сентябрь күндөрү аба ырайы туруксуз болуп, катуу шамал жүрөт. Ошондой эле аймактарда жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.

29-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүзү Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

30-сентябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык жүргүзгөн аймактарында жаан карга айланышы мүмкүн. Тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

"Октябрдын алгачкы күндөрүндө үшүк жүрөт" деп билдирет аталган кызматтан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sainazarov0555
2019-09-25 20:40:28
ЗИМА БЛИЗКО дейтко а с ними белые ходаки :)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан