Сокулукта телефон тоноого шектелген жарандар кармалды

Сокулук районунда телефон тоноого шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, ушул жылдын 3-сентябрь күнү 25 жаштагы жарандын 31-август күнү 20-25 жаштагы бейтааныш эки жигит күч колдонуп, уюлдук телефонун тартып алышкан.

"Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Сокулук РИИБинин милиция кызматкерлери тарабынан шектүү катары 21 жаштагы Т.А. жана 20 жаштагы С.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан