Кечээ, 25-сентябрда Жогорку Кеӊеште “Жайыттар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиевдин айтымында, мыйзам долбоору Бюджеттик кодекс менен Жайыттар жөнүндө мыйзамдын ортосундагы карама-каршылыктарды жок кылууга багытталган.
Талкууда депутат Абдимуктар Маматов тиешелүү мыйзамдагы жайыт жерлери 5 жылда бир жолу реабилитациядан өтүп турушу керек деген ченем аткарылбай жаткандыгын тактап, аткаруу бийлигин жайыттарды сактап калуу боюнча иш-аракеттерди көрүүгө чакырды. Ал эми депутат Аалы Карашев жайыттарды сактоо маселеси ушул темпте кете берсе, бара-бара деградацияга учурап, мал багуу кыйынга учурай тургандыгын эскертти.