Бүгүн, 26-сентябрда парламентте чек ара маселеси боюнча мурда кабыл алынган токтомдордун аткарылышы каралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Буга чейин аталган маселени Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде каралып, өкмөттүн маалыматы эске алынсын деген токтом кабыл алынган. Ошондой эле депутаттар тарабынан сунуштар айтылган.
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында 6 маселе талкууланат. “Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору, Социалдык фонддун 2018-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёту каралат.