Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Болормаа Амгаабазар жана Швейцария конфедерациясынын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Вероника Ульман менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик мүлктү башкаруу тутумун реформалоо жаатында кызматташуу маселелери талкууланды.
Мухаммедкалый Абылгазиев билдиргендей, өкмөт мамлекеттик башкаруу чөйрөсүн реформалоо боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүп жатат. Анткени бүгүнкү күнү көпчүлүк мамлекеттик менчик объекттеринин рентабелдүүлүк көрсөткүчтөрү төмөн бойдон калууда.
Ал белгилегендей, бул жаатта көйгөйлөр көп, анын ичинде кесипкөй кадрлардын жетишсиздиги, корпоративдик башкаруунун төмөн деңгээли жана каржылоонун жетишсиздиги бар.
Жолугушууда мамлекеттик мүлктү натыйжасыз башкаруу өлкө экономикасына таасирин тийгизери белгиленди.
Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Болормаа Амгаабазар жана Швейцариянын Элчиси Вероника Ульман жүргүзүлүп жаткан иштердин маанилүүлүгүн белгилешип, Кыргыз өкмөтүнүн күч-аракеттерин колдоого, реформаларды ишке ашырууга даярдык билдиришти.