Ысык-Көлдө 2 адамды өлтүргөнгө шектелип жаткан кароолчу Сергей Смирнов кармала элек. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. Шектүүнү издөө иштери 2 айдан бери жүрүүдө.
Буга чейин "шектүү Эңилчек жайлоосун коёндун жатагына чейин билгендиктен кармалбай жатат", - деп билдиришкен милициядан.
Ысык-Көлдө 2 адамды өлтүргөнгө шектелип жаткан кароолчу Сергей Смирнов расмий издөөгө алынган. Ал тууралуу маалымат жана анын фотороботу Кыргыз жана Казак чек ара органдарына таратылган.
Өзгөчө белгилери: Бою 160-170 сантиметр, көзү күрөң, чачы сары, спорттук дене түзүлүштө.
Шектүүнү көрүп же таанып калгандар болсо, милиция кызматкерлери төмөнкү номерлерге байланышып коюуну өтүнөт.
Байланыш телефону: 0702 14 88 41, 0707 27 99 94, 03922 5 45 50, 5 45 05, 6 03 21, 102
Окуянын чоо-жайы:
4-июлда Түп айылынын тургуну 29 жаштагы Сергей Смирнов Вепрь үлгүсүндөгү ок атуучу курал менен Эңилчек жайлоосунда жайгашкан "Хан-Теңири" лагеринин директорунун орун басары А.Д.ны жана аталган жерде ар кандай жумуштарда иштеген М.К.ны атып өлтүргөн. Мындан сырткары ошол жерде иштеген Л.И.ни барымтага алып, кийин кайра коё берген.