Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин баш коргоо чарасы бүгүн, 26-сентябрда Биринчи Май райондук сотунда каралат. Бул тууралуу райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Буга чейин Алмазбек Атамбаевди туулган күнүндө куттуктагандыгы үчүн анын жан сакчысы Канат Сагымбаев УКМКнын 9-кызматынан иштен алынган. Андан кийин Сагымбаевди Аскер прокуратурасы Кой-Таш окуясы боюнча шектүү катары 48 саатка камакка алган.