Пара алууга шектелген Октябрь РИИБинин төрт кызматкери 23-ноябрга чейин СИЗО-1ге киргизилди

Бишкекте пара алып жаткан жеринен кармалган Октябрь РИИБинин 4 кызматкери 23-ноябрга чейин СИЗО-1ге камакка алынды. Алардын баш коргоо чарасын Биринчи Май райондук соту караган. Маалыматты райондук соттон тастыкташты.

Буга чейин 23-сентябрь күнү Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери атайын операция уюштурган. Операция Ахунбаев жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Октябрь РИИБинин криминалдык милиция кызматынын 3 кызматкери миң доллар акча алып жаткан жеринен кармалышкан. Ошондой эле Октябрь РИИБинин тергөө кызматынын тергөөчүсү да кармалган. Анын иш бөлмөсүнө тинтүү жүргүзүү учурунда, ИИМге арыз менен кайрылган жаранга карата токтотулган сотко чейинки өндүрүш иши табылып алынган. Алар кылмыш ишти токтотуу үчүн Бишкек шаарынын тургунунан 5 миң доллар акча каражатын талап кылышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан