Депутат Дастан Бекешев мамлекеттик кызматкерлер жарандарга орой мамиле жасаганы боюнча көп кайрылуулар түшүп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Өкмөт мамлекеттик кызматкерлер үчүн жарандар менен иштешүү багытында семинарларды өткөрүп, аларды маданияттуу мамиле жасоого үйрөтүшү керек. Айрым бир мамлекеттик кызматкердин жарандарга жасаган орой мамилеси бүтүндөй бир мамлекеттин аброюна доо кетирет. Жарандардан мамлекеттик кызматкерлердин орой мамилеси тууралуу көптөгөн кайрылуулар түшүүдө. Мамлекеттик кызматкерлердин маянасы төмөн, бирок алар дал ошол жарандардын каражатына жашап жатканын эстен чыгарбашы керек", - деди депутат.