Депутат Ирина Карамушкина балдарга карата зомбулук күчөп жатканын белгиледи. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал балдардын укугун коргоодо Акыйкатчы институту чабал иштеп жатканын айтты. "Балдардын укугу боюнча иштесин деп Акыйкатчы институтуна атайын бир орунду түзгөнбүз. Азыр аны көрүп жатабызбы? Ал бардык жактан балдардын укугун айтып жүрүшү керек эле. 8 айдын ичинде балдарга карата 1 012 зомбулук фактысы катталыптыр", - дейт депутат.
Ошону менен катар эле эл өкүлү Кой-Таш окуясы боюнча Акыйкатчы институтуна кайрылышканын айтты. "Алар ыкчам реакция жасабай жатышат. Өздөрүнүн орундарын сактап калуу үчүн кайрылуу жасабай жатышат. Мурунку чекистти акыйкатчы кызматына бекитүү Жогорку Кеңештин катасы болуптур", - дейт Карамушкина.