Андижан-Ош унаа каттамы ачылды. Анда элди коомдук транспорттор ташыйт

Кечээ, 25-сентябрда Андижан-Ош жаңы унаа каттамы ачылды. Бул тууралуу Ош облустук автобекетинин жетекчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Андижан шаарынын автопаркында каттамдын ачылышына арналган расмий иш-чара болду. Ага эки тараптын өкүлдөрү жана журналисттер катышты. Ачылыш аземинен кийин Андижан-Ош трассасынын алгачкы каттамы Ош шаарына карай бет алды.

“Жаңы каттамга ылайык, жүргүнчүлөрдү эки багытта алтыдан маршруттук таксилер тейлейт. Коомдук унаа чек ара жана бажы постунан тоскоолдуксуз өтүү үчүн “жашыл коридор” ачылды. Маршруттар жүргүнчүлөрдү күнү-түнү ташымай болду. Жол акы 100-120 сомдун тегерегинде. Кечээ алгачкы каттамдын жүргүнчүлөрүн акысыз ташышты”, - деди автобекеттин кызматкери Асел Субанова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
asil-08
2019-09-26 11:39:03
Ушуну жөн эле койбопсунар да,эми дагы туугандар көбөйөт экен да Ошто.
+6
Flowhive
2019-09-26 14:05:02
Бул ачылыш биринчиден өзбек улутундагыларга жана Узбекистан элине элине эле пайдалуу.
+3
Mamiev
2019-09-26 15:02:23
Көк мээлер. Ачкыла дагы көп көп. Бизге негизи бир патриот президент керек. Тилин сүйгөн элин улутун сүйгөн жана кыргызчаны билбегендерди жумушка албай турган
+2
bond02
2019-09-26 20:29:17
Авиабилеттер кымбаттайт да эми.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан