Парламентте жол кыймылынын эрежелерин бузуу боюнча айып пулдун көлөмүн азайтуу керектиги айтылды

Депутат Иса Өмүркулов жол кыймылынын эрежелерин бузуу боюнча айып пулдун көлөмүн азайтуу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Жол кыймылынын эрежелерин бузуу боюнча айып пулдун көлөмү тууралуу маселесине көңүлүңүздөрдү бургум келет. Өкмөт бул маселени айтып жатат, бирок жыйынтык жок. Ооба, бул мыйзамды учурунда өзүбүз кабыл алганбыз. Ошол кезде жол кырсыктарынын саны көбөйгөн. Бүгүнкү күнү айып пулдун көлөмү чоң. Өкмөт ыкчам айып пулдун көлөмүн азайтуу боюнча сунушун киргизиш керек", - дейт Өмүркулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан